Menu

Уланбек Рыскулов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына киришти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловду жамаатына тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев  азыр мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасын ишке ашыруунун үстүнөн иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.

«Мен ишенем, биз бардык күч аракетибиз менен биргеликте «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасын ишке ашыруунун үстүнөн иштеп, андагы көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткарала алабыз. Белгилеп кете турган нерсе, аталган программа биринчи кезекте жөнөкөй жарандардын жашоо турмушун жакшыртууга жана ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө багытталган. Мен өзүм тараптан биздин мамлекеттин өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелерди колдоого даярмын», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: