Президенттикке талапкер Бакыт Торобаевдин шайлоо фонду 44 млн. сомго толукталгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясындагы биздин жеке маалымат булактарыбыз кабарлады.
Анын шайлоо фонду талапкерликке расмий каттоодон өткөндөн кийин, кыска убакыттын ичинде толукталганы маалым болду. Торобаевдин штабына бул маселе менен кайрылганыбызда, алардын штабдагы өкүлдөрү да бул маалыматты четке каккан жок. Кандай болгон күндө дагы Бакыт Торобаев үгүттөө иштерине өзгөчө маани берүү менен даярданып жатканы анык болуп калды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ