Menu

Баш сөөктөн кубат алынабы?

Бөлүшүү:

Адамдын башы жогорку күчкө ээ экендигине элдер илгертен эле ишенип келишкен. Көпчүлүк тургундар башты ыйык тутуп, анда адамдын руху бар деп эсептешкен. Ал эле эмес аларга атайын салтанат уюштуруп, сыйынып, өздөрүн коргогондугу үчүн ыраазычылык да билдирип турган. Булардан тышкары айрым адамдар баштарды күнүмдүк тиричиликте пайдаланышкан. Айтсак, Скандинавиянын аскерлери каза болгон думшандарынын баштарын кесип, сөөгүн тазалап, аны менен ар кандай шараптарды ичишкен. Алардын оюнда баш сөөктөн ичимдик ичкен адамга ошол баштын жаны менен күчү кирип, аны эр жүрөк баатырга айлантат деген ишеним болгон. Алтургай сөөктөн ар кандай кубиктерди жасап моюндарына тагып жүрүшкөн.

Мындан тышкары адам башын ар кандай сыйкырларды жасоодо жана кара магия менен дарылоодо колдонушкан. (Азыр деле айрым экстрасенстер тарабынан пайдаланылып келет.) Дабагерлер баш oopугa кабылгандардын алдына баш сөөктү коюп, аны мык менен уруусун сунуштаган. Эгерде бул жол жардам бербесе, баш сөөккө чыккан желени (кебер чөптү) кургаттырып, аны жыттоосун буюрган. Эпилепсия менен жапа чеккендерге өз өмүрүн өзү кыйгандардын баш сөөгүнөн суу ичүүнү айтышкан.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: