Пакистан премьер-министри АКШ президенти Дональд Трамптын Ооганстанга арналган стратегиясы ишке ашпайт деп эсептейт.
«Алгачкы күндөн тартып эле Ооганстандагы аскер стратегия иштеген эмес жана иштебейт деп ачык эле айтып келебиз», – деди премьер-министр Шахид Хакан Аббаси Bloomberg News агенттигине берген маегинде.
Ал саясий жактан жөнгө салуу гана жыйынтык берерин кошумчалады.
Үч апта мурун жаңы кызматына киришкен Аббаси Исламабад Ооганстандагы террористер менен күрөшүүнү колдоорун жана жаңжалдын Пакистанга жайылышына жол бербей турганын айтты.
21-августта АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча агрессивдүүрөөк стратегиясын жарыялаган. Трамп “Талибан” менен “Аль-Каида” сыяктуу экстремисттик топторду жеңе турганын жана стратегиянын мөөнөтү кырдаалга жараша аныкталарын билдирген. Трамптын билдирүүсүнөн кийин АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кошмо Штаттарды жана башка мамлекеттерди Ооганстанга көбүрөөк аскер жөнөтүүгө үндөгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ