Menu

Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына киришти

Бөлүшүү:

Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду жамаатына тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев телекоммуникация  жана байланыш тармагындагы абалды Нурбек Абасканов жакшы билерин  билдирди.

«2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасы аналогдук теле берүүдөн санариптик телеберүүгө өткөн. Учурда 326 редио байланыш жетпеген айылдарды санариптик берүүлөр менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат. Маселенин  жөнөкөй жарандар үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, коюлган тапшырманы убагында чечүү милдети турат.  Мындан сырткары биздин алдыбызда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасынын алкагында заманбап маалыматтык технология жана санариптин экономикага багытталган бир топ пландарды ишке ашыруу  тапшырмасы турат», – деди Дүйшөнбек Зилалиев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: