2017-жылдын 25-август күнү Талас райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунан 20 жаштагы Т.А. менен Ш.Э. жана Москва районунан 24 жаштагы К.Р. аттуу жарандар кармалган. Текшерүү учурунда шектүү жарандардан оролгон жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар заттар табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 50 жаштагы тургунун текшерүү учурунда баштыкка оролгон шектүү затты табышкан.
Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограммды түзүп, марихуана баңгизаты экендиги аныкталды.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча иликтөөлөр уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ