Menu

Атамбаев: ишенген досум президент болуп калабы деп турам

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы шайлоодо өзү ишенген досу президент болуп каларына үмүт артып турарын билдирди. Бул тууралуу 28-августта Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда айтты.

«1-декабрга чейин менин мөөнөтүм бар. Көрүп турасыңар, мен кызматтан кеткенден кийин ишенген бир досум президент болуп калабы деп ойлоп турам», — деди мамлекет башчы.

Бирок Алмазбек Атамбаев эч кимдин аты-жөнүн атаган жок. Буга чейин сүйлөгөн сөздөрүндө КСДП президенттикке сунуштаган Сооронбай Жээнбековду колдорун ачык айткан.

Атамбаев жаңы өкмөт башчы болуп дайындалган Сапар Исаков жөнүндө да айтып, “өзү тарбиялаган жигит экенин, баштаган ишин улантып кетерине ишенерин” белгиледи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Азырынча расмий талапкер катары Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов катталган.

Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунда жумушчу сапар менен жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: