Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 25-августта Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатканда, жаңы иштеген мугалимдердин айлыгы канча экенин билбей уят болду. Жөнөкөй эле маселени билбей,«тактап айтайын» деп кызарып-татарып отурганы сырттан караган кишиге өтө эле өөн учурады. Мугалимдин айлыгы канча экенин билбеген соң, министр болуп отурганы жарашпайт го… Министр «билбейм» деп ийин куушурган соң, социалдык тармактарда жаңы ишке кирген жаш мугалимдин айлыгы 4-5 миңди түзөөрүн жаш мугалимдер өздөрү жазып чыгышты. Кийин министрлик 8 жарым миң сом деген маалымат берди. Мурун канча экенин билбей жатса, кийинкисинде калп айтты…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ