Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 27-августта таластыктарды жыйнап, Бишкекте “Тагай бий”ресторанында ынтымак чайын берди. Чайга келген миңге жакын таластыктар сыйга карк болушту. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык болду. Таластан чыккан өңчөй аттуу-баштуулардан тартып, жөнөкөй карапайым аксакалдарга дейре ынтымак маселесин козгошуп, барып-келип шайлоону тынч өткөзүп алалы, биримдиктүү бололу деген сөздөрдү айтышты. Ынтымак чайына президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков да келгени маалым болду. Демек Өмүрбек Бабановго нааразы болуп жүргөн Зарылбек мырза, шайлоодо Жээнбековду сүрөмөй болгону байкалды…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ