Президентикке талапкер Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 42 303 колдору түшкөн. Бул туурасында БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 1 235 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 6 175ти түздү.
Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 36 128 колдор анык деп табылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ