Menu

Чайпалган бюджет,чайкалган миллиондор

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелериндеги каржылык текшерүүнүн жыйынтыгында 44,5 миллион сомдук бюджеттик акча уурдалганын жарыялады. Министрлик биринчи жолу ички аудиттин жыйынтыгын ачык жарыялап, министр өзү эң көп акча уурдалган мекемелерди атады. Ал бул жолу каржылык мыйзам бузууга жол берген жетекчилер кызматтан гана айдалбастан, зыяндын ордун төлөтүү чаралары күчөтүлө турганын убада кылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмү; 2017-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча пландуу каржылык текшерүү жүргүзүп, медициналык мекемелерди атайын толугу менен иликтеп чыккан. Министрликтин маалыматы боюнча, 26 саламаттыкты сактоо мекемесинде аудит өтүп, укук коргоо органдарынын жана жарандардын кайрылуулары боюнча 12 мекемеде атайын иликтөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада арыздарда көрсөтүлгөн фактылар 12 мекеменин бешөөндө аныкталып, үчөөндө жарым-жартылай ырасталса, төрт мекемеден мыйзам бузуулар табылган эмес.

Саламаттык сактоо тармагындагы жең ичинен желип кеткен 44,5 миллион сомдун көбүн мамлекеттик бюджеттен жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан которулган каражат түзөөрү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуда көрсөтүлгөн.

Уурдалган акчанын 20 миллион сомдон ашууну дары-дармек, тамак-аш жана медициналык жабдууларды мыйзамды бузуу менен алуу сыяктуу мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу экени айтылды. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендерсиз сатып алууга байланыштуу тогуз миллион 200 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган.

Маянаны негизсиз төлөөгө байланыштуу 10 миллион сомдон ашуун мыйзам бузуу аныкталса, материалдык-техникалык баалуулуктарды мыйзамсыз чыгыштаган жана сатылып алынды делген азык-түлүк менен дары-дармектердин жетишпестиги сыяктуу фактылардын негизинде 3 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: