Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча саат 10:00до салтанаттуу линейка өткөрүлөт, андан кийин окуучулар үчүн тематикалык сабактар жана класстык сааттар өткөрүлөт.
Салт боюнча, биринчи сабак Кыргыз Республикасынын тарыхына жана маданиятына арналат.
Билим күнүн уюштуруу боюнча сунуштар «2017-18 окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде билим берүү процессин жүргүзүү жөнүндө» усулдук катта камтылган. Билим берүү жана илим министрлиги усулдук каттарды жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашырган бардык билим берүү уюмдарына жиберген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ