“Ас-Салам” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Кочкор-Ата шаарчасынын Масы айылындагы турмуш шарты оор 10 үй-бүлөнү ак өргөлүү кылып, ар бирине бир бөлмөлүү үйдүн ачкычтарын тапшырды. Муну менен катар фонд өкүлдөрү үйдүн ичин күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдарга, эмеректерге толтуруп, бардык шарттар менен камсыз кылышкан.
“Үй ээлеринин балдарынын эң алды 10 жашта болсо, ал эми эң кенжеси 6 жана 9 айлык наристелер экен. Эми бул наристелер эми өздөрүнүн үйлөрүндө чоңоюшуп, татыктуу тарбия алат деп ишенебиз”,-дейт фонд өкүлдөрү.
Мындан тышкары Кочкор-Ата шаарындагы эки намазкана оңдоп-түзөлүп, толугу менен калыбына келтирилип, пайдаланууга берилген. Мечиттин ачылышына жана турак жайдын ачкычын тапшыруу аземине КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович, район акими жана шаар мэри, баш имам хатиб, айыл аймак башчылары жана жергиликтүү эл катышкан.
Эске салсак, “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун башкы директору Набил Альоун жана фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухамед Миңбаев буга чейин жетим-жесирлерге, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берип, таза суу программасын ишке ашырууда жана коомго керектүү имараттарды курууда жакындан жардам берип келишүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ