Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында эң жаш премьер-министр өкмөт башына келди. Жогорку Кеңештин ишенимине арзыган Сапар Исаков туура кырк жаштын кырында. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнүн көбү 30 жаштан 45 жашка чейинки курактагы министрлер. Жаштар бийликке келип жаткандыктанбы, эл өкүлдөрүнүн 97си колдоого алып добуш беришти. Сын айтып, каршы болуп жаткандар дагы чечүүчү учурга келгенде колдоого алышты. Албетте, Сапар мырзага көргөзүлгөн бул ишеним бүткүл жаштарга берилген ишеним катары кабылданды. Эми бул ишеним, үмүттү өчүрбөй, бел чечпей иштөө зарыл. Эгер жазып-тайып жоопкерчиликти татыктуу тартып кете албаса элдин жаштарга болгон ишеничи тебеленет. Ал түгүл жаштардын убалына калып, тамырына балта чапкан болот… Мына ушул жагдайды Сапар мырза эсинен чыгарбоого тийиш…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ