Menu

Трамп: АКШ менен Орусиянын мамилеси эртеби-кечпи жакшырат

Бөлүшүү:

Трамп Кошмо Штаттар менен Орусиянын мамилеси эртеби-кечпи калыбына келет деген пикирде. “Бул чоң өлкө, бул өзөктүк держава, бул биз ынак боло турган өлкө. Менимче, акыры аягы Орусия менен мамилени жакшыртабыз”,-деди ал.

Трамп Орусия Финляндияны өтө сыйлай турганын жана бул жакшы экенин айтты. “Мен бир күнү АКШ Орусия менен ынак мамиле түзүүгө жетишет деп үмүттөнөм: бул бүткүл дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн жакшы болот”,-деп баса белгиледи Трамп.

АКШ президенти Балтия аймагын дүйнөнүн “өтө маанилүү бөлүгү” деп атап, АКШ бул чөлкөмдөгү тарапташтарын жана өнөктөштөрүн коргоого даяр экенин айтты. Трамп Финляндиянын коргонуу үчүн көргөн аракеттерине баа берип, америкалык истребителдерди сатып алып жатканы үчүн мактады. Ал Финляндия кичине өлкөлөрдүн масштабында ири куралдуу күчкө ээ экенин кошумчалады.

АКШнын тарыхында президент 15 жылдан бери биринчи жолу Финляндияга расмий сапар менен барды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: