Чолпон-Ата шаарында 23 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 28-август күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында 1994-жылы туулган бала көлгө чөгүп кеткен.
КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары баргыча жергиликтүү тургундар тарабынан баланын сөөгү суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ