Menu

Өзбекстанда түнчүндө «максатсыз сейилдегендер» айыппул төлөшүүдө

Бөлүшүү:

27-августка оогон түнү Өзбекстандын Хорезм облустук ИИБси менен прокуратурасы тарабынан «Түн» деп аталган рейд өткөрүлүп, кечки саат 9дан кийин шаарда «максатсыз сейилдеп жүргөн» 3706 киши кармалды. Рейдге укук коргоо кызматкерлеринен сырткары облустук жаштар кеңешинин, жергиликтүү акимчиликтин, маалелердин өкүлдөрү жана сот кызматкерлери катышты.

Өзбекстан ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кармалгандардын көбү бир сутка кармалып, айыппул төлөгөндөн кийин кое берилген. Калгандары ошол эле күнү профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.

Жергиликтүү адвокаттардын бири 4 миңге жакын адамды түнкүсүн көчөдө жүргөндүгү үчүн гана кармоого мыйзамдуу негиз жок болгонун билдирди.

– Өзбекстадын мыйзамдарына ылайык, көчөдө «максатсыз сейилдөө» — кылмыш же мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Буга өлкөдө согуш башталса, өзгөчө абал же коменданттык саат киргизилсе гана тыюу салынат. Кайсыл гана жаран болбосун шаарда өзү каалаган убакта жана максатуу да, максатсыз да сейилдеп жүрүүгө укуктуу. Мындай аракет менен Хорезм милициясы жана прокуратурасы өзүнүн укуктук жактан сабатсыз экенин көрсөтүүдө, – деди адвокат.

Өзбекстан ИИМинин өкүлү хорезм милициясынын кызматкерлери ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, жарандардын укуктарын бузганын билдирди.

– Аларга жарандарды кармоо тапшырмасы берилген эмес. Мындай кадамга өздөрү барышкан. Өз билдирүүсүндө алар кармалгандарды «максатсыз сейилдеп жүргөндөр» деп туура эмес аташкан. Дээрлик 4 миң кишинин кармалышы коомдо тынчсызданууларды жаратты. Бирок ошол эле маалда ал түнү издөөдө жүргөн төрт киши да кармалды, – деди ИИМ өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: