Freedom House укук коргоо уюму эл аралык коомчулук жаңы президент келгенден кийинки Өзбекстандагы «жакшы өзгөрүүлөрдү таанып, андагы толук масштабдуу реформаларды колдоону улантышы керек деп эсептейт.
Уюмдун 28-августта жарыяланган баяндамасында Мирзиёев калкынын саны 30 миллионго жеткен өлкөнү бир аз ачыгыраак кылуу үчүн бир топ кадамдарды жасаганы айтылат.
Бирок Freedom House бул демилгелердин айрымдары, анын ичинде ММКларда Каримовду сындоого «уруксат берилиши» кайсыл бир деңгээлде Мирзиёевдин бийлигин сактап, аны бекемдөөгө багытталган болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Мирзиёев өкмөттөгү айрым жол-жоболордун ачыктыгын күчөтүп, жемкорлукту бир аз азайтуу менен мурдагы элитаны алсыздантып, активдерди соода менен бизнеске көбүрөөк ыктаган өзүнүн колдоочуларына берүүнү максат кылып жатышы мүмкүн», – деп айтылат Freedom House баяндамасында.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ