Menu

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “Маяк” аталышындагы рейд өткөрүлдү

Бөлүшүү:

28-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын кызматкерлери тез жардам бригадасы менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “Маяк” аталышындагы рейдин өткөрүштү. Бул туурасында ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Рейдтин максаты- жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, андан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү эстетүү.

Рейдтин жыйынтыгы менен 14 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде протоколдор толтурулду.
Жол кыймылынын эрежесин бузууда айып пулдун накталай суммасы 500 сомду түзөт.

231-берененин 1-бөлүгү: Транспорт каражаттарынын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автоунаалар менен мотоциклдердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылбаса -эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн тарабынан жасалганда – эскертүү берүүгө алып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: