Menu

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Москвада басмаканадагы кырсыктан каза тапкандарга арналган эскерүү митингине катышты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарындагы «Печатный экспресс» басмаканасындагы өрт кырсыгынан каза тапкан, Кыргызстандын жарандары болгон 14 кызды эскерүү митингине катышты. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мекендеш кыздардын каза болгон жерине гүл коюу жана аларды эскерүү митингине Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын лидерлери жана өкүлдөрү, жарандык активисттер, каза болгондордун туугандары катышты. Мезгилсиз дүйнөдөн кайткандарга багышталып куран окулду.

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кыздардын өмүрүн алып кеткен бул кырсык, бардык кыргызстандыктардын жана Москвада, Россияда жашаган мекендештерибиздин жүрөгүн сыздатты. Алардын туугандарына жана жакындарына Элчиликтин кызматкерлери, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, аксакалдар Кеңешинин өкүлдөрү, диаспоралардын коомдук уюмдары тарабынан кайрат айтылды.

Элчилик чыгарылган соттун чечиминин жумшак болуп калгандыгына байланыштуу алардын туугандарынын даттануусуна көмөк көрсөтөрүн, ошондой эле Россиянын компотенттүү органдары менен каза болгон Кыргызстандыктарга камсыздандыруу компенсациясын төлөп берүүгө соттук тартипте иштешүүнү улантарын билдирди. Кырсыктан каза болгондордун жакындарына, туугандарына жана башка жабыр тарткан  адамдарга элчиликке кайрылуу өтүнүчү айтылып, аларга сотко даттануу үчүн адвокатка ишеним кат бериле тургандыгы билдирилди.

Иш чаранын жүрүшүндө кыргыз коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын компотенттүү органдары тарабынан Россияга акча табууга жөнөп жаткан эмгек мигранттарына эмгек коопсуздугу эрежелерин сактоо, ишке орношууда милдеттүү түрдө жарандык-укуктук келишимдерди түзүү, өндүрүш кырсыгынан жана кесиптик оорулардан камсыздандыруу боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү айтылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: