Menu

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинен пайда көрүү өстү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин ыктуу пайдалануу аркылуу жергиликтүү бюджетке келип түшүүлөр көлөмү быйылкы жети ай ичинде 332,7 миң сомго артты. Бул тууралуу шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин быйылкы 7 ай ичинде аткарган иши каралып, аткаруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан жалпы иштин абалы канааттандырарлык деп табылды.

Атап айтканда, комитеттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага 2017-жылдын 7 айы ичинде 7 миллион 909,5 миң сом түшкөн. Жыл башында бекитилген план боюнча бул мзегил ичинде 7 миллион 576,8 миң сом келип түшүшү керек болчу. Демек, пландын аткарылышы 104,4 пайызды түзүп, 332,7 миң сом каражат көп түшкөн.

Муниципалдык жер аянттарын ижарага берүүдөн келип түшүүлөр көлөмү да арткан. Мисалы, жыл башынан бери муниципалдык жер аянттынан ижарага берүүдөн 4 миллион 47,8 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план 3 миллион 930 миң сом болсо, планды аткаруу 103 пайызга жеткен жана шаардык казынага 117,8 миң сом акча каражаты көп түшкөн.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин башкаруусунда 22 кызматтык батирлер, 191 даана жашоого ыңгайлашпаган имараттар, 812 миң 139,6 чарчы метр муниципалдык жер аянты турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: