Menu

Бердымухамедов мол түшүм тилеп, пахтачыларга бата берди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мол түшүм тилеп, өлкөнүн пахтачыларына бата берди.

Мамлекет башчынын айтымында, расмий түрдө пахта терим Ахалск, Мары жана Лебап аймактарында 30-августта, өлкөнүн түндүгүндөгү Дашөгүздө 6-сентябрда башталат.

Түркмөнстан быйыл 1 миллион 50 миң тонна пахта чогултууну пландап жатат. Өлкөдө түшүм жыйноо, анын ичинде пахта терүү иштери салттуу түрдө президенттин расмий бата берүүсү менен башталат. Буга байланыштуу облус бийликтери аксакалдардын катышуусунда салатанаттуу иш-чараларды уюштурушат.

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, түркмөн бийлиги мурдагы жылдардай эле быйыл дагы адамдарды таңкы саат алтыга чогулууга мажбурлап, автобустар менен талааларга алып кетишет. Аларды окуу жайлардын администрациясы менен полиция кызматкерлери коштоп, көз салып жүрүшөт.

Өлкөдө бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин пахта терүүгө жөнөтүү тууралуу расмий билдирүүлөр жок. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар Түркмөнстанды пахта терүүдө мажбурлоо эмгегин пайдаланат деп сындап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: