Menu

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг өткөрдү

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда төрайым Нуржан Шайлдабекованын: шайлоо процессинин кезектеги этабынын  аякташы – талапкерлердин кол коюлган барактарын тапшыруунун жыйынтыгы боюнча  брифинги өттү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

БШКнын төрайымы 29-августка карата шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө баяндап  берди.

Календарлык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү иш-чарасында 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу аяктады. Ушул убакка чейин, керектүү болгон, кол коюлган 30 миңден ашуун барактарды төмөнкү талапкерлер тапшырды:

1.Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга,
2.Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга,
3.Турсунбек Акун, “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга,
4.Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга,
5.Масалиев Исхак Абсаматович, Кыргызстан Коммунисттер саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 528 кол тамга,
6.Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук коомунун Президенти – 55 806 кол тамга,
7.Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору – 31 777 кол тамга,
8.Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 37 633 тамга,
9.Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы -39 808 кол тамга,
10.Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы – 48 777 кол тамга,
11.Асанбеков Темирбек Ишенбаевич, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга,
12.Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту – 39 237 кол тамга.
13.Масадыков Таалатбек Шамудинович,  “Тынчтыктын генералдары  тынчтык үчүн”  КБнин эл аралык байланыштар боюнча консультанты  – 56 771 кол тамга,
14.Келдибеков Ахматбек Келдибекович, саясий-коомдук ишмер, Ата Журт саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн – 53 827 кол тамга,
15.Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич, директор ОсОО «Аурдин» ЖЧКнын директору  – 50 913 кол тамга.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу 10  жумушчу күндүн ичинде тапшырылган кол тамгалардын  аныктыгын текшерип чыгуусу керек.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.

Мурун кол коюлган барактарды текшерүү Жумушчу тобунун берген тыянагынын негизинде, КР БШКнын чечими менен  29-августта Э.Зарлыковдун-40 510, А.Бекназаровдун-31 369, А.Мадумаровдун-36 128, Б.Төрөбаевдин- 67 976,  С Жээнбековдун- 45 969, Ө.Бабановдун 103 165, Т.Сариевдин 58 612 кол тамгасы  анык деп табылды. Бардыгы болуп  7 талапкердин кол коюлган барактары ишенимдүү деп табылды.

Шайлоо компаниясынын каржылоо эрежесинин бузулгандыгына байланыштуу  талапкер Ө. Текебаевдин 38 643 кол тамгасы жараксыз деп табылган.

Мурун, кол коюлган барактарды жана берилген документтерди текшерүүдөн  кийин,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талабына ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Т.Сариев, Ө. Бабанов, С. Жээнбеков жана  Б. Төрөбаев  мамлекет башчысынын  кызматына  талапкер катары катталган.

Ошондой эле Шайлдабекова КР Президенти кызматына талапкер катары каттоодон  26 жарандан баш тартылгандыгын маалымдады. Алар: Н. Нышанов, Бакир уулу Турсунбай, З. Муратбекова, С. Энназаров,  М.Чолпонбаев, И. Трофимов, М. Жумабеков, Р. Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, Т. Таласбаева, Д. Токтосунова, С. Жапаров, К. Мактымбаев, М. Кыдыралиева, К. Бешбаков,  Т. Акимов, Т. Өмүралиев, П. Кенжекулов, О. Бөлтүрүков, К. Токтобаев, Р. Ремнев, А. Абышев, С. Абыкулов, Б. Керимбеков, М. Мергенов, М. Айманбаев.

9 жаран: Б. Дегенбаев, С. Султанидинов, С. Абдрахманов, А. Сартаев, Н. Мамедов, А. Каримов, А. Айтикеев, А. Мансуров, М. Иманкулов  өздөрүнүн арыздарын кайтарып алышкан.

29-августка карата КР Президенти кызматына талапкер болуп 24 адам калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: