Menu

Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор

Бөлүшүү:

Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардагы “Марипов” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасында 28-августтун кечинде кен урап төрт шахтерду басып калган.

Алардын үчөө бейтапканага жеткирилген, биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Калганынын абалы дурус.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандагы кендердеги кырсыктардан он жети кишинин өмүрү кыйылды. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын он экиси көмүр, калганы алтын кендеринде болгон. Жалпы кырсыктын ону Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерде орун алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: