Menu

Казакстанда төмөн байытылган уран сакталчу кампа ачылды

Бөлүшүү:

29-августта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу Өскемен шаарындагы​ төмөн байытылган уран сакталчу кампаны ачты. Мамлекет башчы анын символикалык ачкычын Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрүнө тапшырды.

Банктын ачылышында сөз сүйлөгөн Назарбаев Казакстан өзөктүк куралды жайылтпоонун жана дүйнө коопсуздугунун тарапташы бойдон каларын билдирди.

Маалыматтарга караганда, кампада төмөн байытылган урандын белгилүү бир запасы сакталат.

Буга чейин өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев банк дайыма жеткирүүчү булак же «дүкөн» болбой турганын жана андагы уран дүйнөлүк деңгээлдеги кризистик абалдарда гана талап кылына турган запас катары сакталарын айткан.

Банк Өскемен шаарындагы Улба металлургиялык заводунда жайгашат. Анын курулушу 2015-жылы августта Казакстан өкмөтү менен МАГАТЭнин ортосунда кол коюлган макулдашуунун алкагында башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: