Menu

Исаков ишенген “кырк кадам” Кыргызстанды жыргатабы?

Бөлүшүү:

“Жаңы,анан “арзыматтар” обон созуп аткандай жаш премьер-министр Сапар Исаков “Жаны доорго кырк кадам” программасы менен парламенттен колдоо тапты.

“Жаңы доорго кырк кадам” программасындагы 40 долбоор калкыбыздын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн пайдубал түзүп жана биздин өнөктөштөр үчүн маяк болуп калмакчы. Биз элибизди, бизнести, жарандык коомду жана четтеги диаспораны жаңы доорго өтүү жолунда кызматташ, кадамдаш болууга чакырабыз. Бул программа боюнча быйылтан баштап элдин оюнда турган маселелерди чече баштайбыз”,- деп чечмеледи ЖКда муну Сапар Исаков. 40 жаштагы Исаков “жаңы өкмөт жаш реформаторлор, технократтардан куралды” деп сыпаттап, “беш жыл ичинде Кыргызстан жаңы доорго, тагыраагы технологиялык, санариптик мамлекетке айланат”- дейт. Арийне, аталган программанын ишке ашарынан күмөн санагандар азыртадан эле арбын боло баштады.

Алсак, “Жаңы доорго кырк кадам” программасында реформалардын ишке ашуу мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн эмес. Айрым долбоорлор президент Алмазбек Атамбаев жазган өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашат деп жазылган. Бир сөз менен айтканда жоопкерчиликсиз программа экени так ушул жерден оркоюп көрүнүүдө. Ырасында, кооз сөздөр менен жазылып, бирок элге пайдасы тийбеген программалардан эл тажаганын Исаков али түшүнө элек окшойт. Аныгында, буга чейинки өкмөт башчылары деле парламенттен добуш алуу үчүн гана шарттуу түрдө Исаковдукунан кем калбаган реформаларды убадалап келишпеди беле. Кана ошол жыргаткыч программалар? Анын бири да иш жүзүнө ашкан жок го.

Кантсе да Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш 25-августта бекитти. Жаңы курамга оппозициялык айрым фракциялар сын айтканы менен колдоп добуш беришти. Исаков соңку жети жылдагы 7-премьер-министр болуп калды. Ушуну менен эгемендиктин 26 жылында өлкөдө жалпы 28 өкмөт алмашты.

Булак: “Майдан.KG”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: