Menu

АКШ Түндүк Кореянын ракета учурушуна жооп берүү үчүн бардык нерсеге даяр

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын акыркы ракета учурушуна реакция катары бардык нерсеге барууга даяр экенин билдирди. Трамп Пхеньян мындай аракеттери менен өз коңшуларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчөлөрүнө карата жек көрүүчүлүгүн көрсөтүп жатканын айтты.

Түндүк Корея сынаган кезектеги ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп өтүп, деңизге кулаган. Токио аны Жапонияга болуп көрбөгөндөй коркунуч деп атады. Өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абэ Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түндүк Кореяга карата басымды күчөтүү боюнча макулдашкандыктарын билдирди. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш ракеталык сыноону айыптап, Пхеньянды эл аралык милдеттенмелерин аткарып, башка өлкөлөр менен өз ара байланышты калыбына келтирүүгө үндөдү.

“Сыноо аймактагы коопсуздукту, туруктуулукту жана сүйлөшүү талаасын түзүү аракеттерин кыйратууда”, – деп айтылат Гутерриштин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. Түндүк Кореянын БУУдагы элчиси Пхеньяндын аракеттерин кубаттап, бул Кошмо Штаттар менен союздаштарынын аймактагы аскердик машыгууларына жооп экенин айтты.

Кытай Корей жарым аралындагы чыңалуу «жогорку чегине жеткенин» эскертип, буга Түндүк Кореяга басым жасоо үчүн аскердик машыгууларды өткөргөн Вашингтон менен Сеулдун дагы жарым-жартылай күнөөсү бар экенин белгиледи. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньян БУУнун резолюциясын сыйлашы керектигин айтты. Жакында эле баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөндүгү үчүн Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизген БУУнун Коопсуздук кеңеши 29-августта кезексиз жыйынга чогулушу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: