Menu

Сапар Исаковдун катыгын берген Каныбек Иманалиев

Бөлүшүү:

25-августа Сапар Исаков башында турган өкмөттүн курамын бекитүүдө Исаков сунуштаган программаны кескин сынга алып, быт-чытын чыгаргандар да болду.

Алсак, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев программада конкреттүү эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, “мындай программаны сыртта кимдир бирөөлөргө көрсөтө көрбөңүз, уят болуп каласыз”,- деп эскертти. Каныбек Иманалиев өз сөзүндө “Сиз 2023-жылга чейин мугалимдердин айлыгын эки эсе көбөйтөм деп жазыпсыз. Ал үчүн дагы 13 миллиард сом керек. Аны кайдан табасыз? Бул жерде 120 депутат онкологиялык ооруканага 30 миллион сом таба албай эки күн талашканбыз. Пенсияны эки эсе көтөрөм дейсиз. Биздин пенсиялык фонд 50 миллиард сом. Сиз дагы 50 миллиард сомду кайдан табасыз? Кыргызстандын болгон бюджети 136 миллиард сом болуп жатса, сиздин Конституция – бул бюджет.

Программада бюджетти көтөрүү боюнча бир да сөз жок. Ички дүң соода канчага көтөрүлөт, канча жумуш орду түзүлөт? Бул боюнча бир да сөз жок”,- деп Сапар Исаковду капшырып өткөн Капашевичке Исаков “лам” дей албады. Каныбек мырзанын капталдан койгон соболуна кандай жооп болот эле, элестетип көрсөӊөр? Эч жооп табылмак эмес…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: