Menu

РБК: Орусия БУУдан аскер чыгашаларынын 60% жашырып койгон

Бөлүшүү:

Орусия БУУдан аскер чыгашаларынын 60% жашырып койгон. Бул тууралуу РБК кабарлоодо. Москва БУУга 2016-жылдагы аскер чыгашалары 2 триллион рублди түзгөнүн маалымдаган, ал эми орус бюджетинин “улуттук коргонуу” графасында 3,8 триллион рубль деп көрсөтүлгөн. БУУга жөнөтүлгөн баяндамада чыгашалар азайганын көрүүгө болот, иш жүзүндө ал өскөн.

РБК Гайдар Василий Зацепин атындагы Институттун аскер экономикасынын лаборатория башчысынын эсептерин мисал келтирген. Ага ылайык, орус бюджетинде 2016-жылдагы аскер чыгымдардын жалпы көлөмү дээрлик беш триллион рубль же ички дүң өнүмдүн 5,7 пайызын түзгөн. Бул сандар Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIRPI) иликтөөлөрүнө жакыныраак. Ал жерде Орусиянын 2016-жылдагы аскер чыгымдары 4.6 триллион рубль деп көрсөтүлгөн.

РБК маалымдагандай, 2016-жылы “улуттук коргонуу” бөлүмүндөгү чыгашалардын 70 пайызы ачыкка чыгарылган.

SIPRI эсеби боюнча өткөн жылы Орусия аскер чыгымдары боюнча үчүнчү орунду ээлеп, Сауд Арабиясын ашып өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: