Menu

Жалал-Абаддын айрым райондорунда көптөн бери таза суу жок

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын борборундагы темир жол бекети аймагындагы жер үйлөр менен көп кабапуу батирлерге 25-августтан тартып таза суу берилбей келатат. Бул жөнүндө жергиликтүү тургундар даттанышты.

Таза суу эскертүүсүз өчүрүлгөндүктөн, канализация дагы иштебей калды. Таза суунун өчө тургандыгын эч ким келип жергиликтүү тургандарга таптакыр түшүндүргөн эмес! Андыктан, таза сууну сатып алып колдонуп жатабыз!- деп чыркырашты Жалал-Абад шаарынын тургандары.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматов бул абалды оңдоп-түзөө иштери менен тыгыз байланыштырды. Анын айтымында, көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзүү учурунда аталган районго суу жеткирүүчү түтүк дагы жарылып кеткен. Азыр аны калыбына келтирүү иштери кызыды. Бирок, Урмат Маматов таза суу качан берилерин так айткан жок.

Айтмакчы, ушул тапта Жалал-Абад шаарында жалпы жонунан жүз миңдин тегерегинде калк жашайт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: