Ош шаарындагы мектептердин биринин директору ишке кабыл алып аткан кишиден 10 миң сом пара алып жаткан маалда кармалды. Бул туурасында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда аталган мамлекеттик органга Ош шаарынын тургуну У.Э. кайрылган. Ал бул мектеп-гимназиянын директору андан ишке жайгаштыруу үчүн 10 миң сом талап кылып жаткандыгын ачыктаган. Ошондуктан, 23-августта аталган директорго мугалим 10 миң сом берип жатканда колго түшүрүлдү.
Соңку сааттарда мектеп-гимназиянын директорунун үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 225-бөлүмүнүн 1 бөлүмчөсүнө (кызматкерлерден мыйзамсыз сыйлык талап кылуу) жана 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-бөлүмчөсүнө (ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ