Menu

Тажикстанга Орусиядан алгачкы 30 мугалим барды

Бөлүшүү:

Тажикстанга барган мугалимдердин айлыгы 74 миң орус рублин (1200 доллар) түзөт. Анын 14 миң рублин тажик тарап төлөсө, калганы Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүнөт. Андан тышкары тажик тарап мугалимдерди турак-жай менен камсыздоо милдетин дагы алды.

Тажикстандын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Рахматулло Мирбобоев бул алгачкы тажрыйба экенин жана ал мындан ары дагы улантыларын билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Тажикстанга Түркия менен Ирандан гана мугалимдер барып турган.

28-августта Орусиянын Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Тажикстандын мектептерине жөнөп жаткан мугалимдер менен жолугуп, мындай чечим өткөн жылы октябрда, анын Тажикстанга болгон сапары маалында кабыл алынганын айткан. Анда тажик президенти Эмомали Рахмон Матвиенко менен жолугушуусунда өлкөдө мугалимдер менен китептер жетишпей турганын айткан.

Жаңы окуу жылына карата Орусиядан Тажикстанга жалпысынан 60 миң китеп жана окуу куралдары жеткирилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: