Menu

Сапар Исаковдун “Жаңы доор- кырк кадам” программасы реалдуу турмушка ишке ашчудайбы же элди алагды кылыш үчүн жазылган программабы?

Бөлүшүү:

Шайлообек Атазов, коомдук активист:

“ЖОМОК ЖАНА ПОПУЛИЗМ”

-Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боёмоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы коррупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе.

Сабыр Муканбетов, саясий серепчи:

“40 КАДАМДЫН ИШКЕ АШЫШЫНА БИРИНЧИ ӨЗДӨРҮ ИШЕНЕБИ?”

– Ал программа ишке ашуу үчүн эмес, ошондой эле элди алагды кылыш үчүн эмес, Жогорку Кеңештин сессиясына куру келбеш үчүн жазылган программа десек болот го? Негизи кырк чоро, кырк уруу деген сыяктуу сөздөр бар. Жети, тогуз, кырк деген сандарды касиеттүү сандар катары карамайыбыз бар. Бирок, чынымды айтканда буга чейин адамды жерге бергенден кийин кырк кадам алыстап туруп экинчи ирет куран окуганда гана 40 кадам деген сөз айтылчу. Анан кыркка чыгып атам деп эле программасына 40 кадам деген сөздү колдонгону ойлонулбаган иш болуп калгандай. Мүрзөгө байланыштырып алганын байкабай калды окшойт. 40 кадам дегиче тогуз коргоол деп коюшса, «а-аа АШАнын коргоолдору» десе да жарашыктуурак болмок да. Чынында кеп атында эмес, затында. Бул 40 кадам деген программанын заты барбы? Ишке ашышына биринчи өздөрү ишенеби (?), деген маселе бар. Менимче, бош папке менен келип, “мына программабыз бар, ар бириңе тараттык. Калганын өзүңөр окуп алгылачы, окуганга убакыт жок” десе деле аны премьер-министр кылып шайлашмак окшойт. Анткени, «АША баарына “ашатып” койгон» деген кеп тарап жатпайбы.

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:

“САПАР ИСАКОВ ДЕМИЛГЕЧИ Б0ЛГ0Н “ТАЗА КООМ” ДОЛБООРУНУН КӨП ЖАКТАРЫН К0ЛД0ЙМ”

– Чынымды айтсам, президенттик жарыш менен алаксып жүрүп мен ал программаны окуй элекмин. Окуганда өз оюмду толугураак айтам. Негизи Сапар Исаков бирден-бир демилгечи болгон “Таза коом” долбоорунун көп жактарын колдойм. Ал долбоордун каржылык жактары дагы камсыздалып жатканына күбө болуудабыз. Эгер 40 кадам ошол программадай ишке аша турган болсо, анда турмуш чындыгына жакын эле болот.

Замирбек Көчөрбаев, коомдук активист:

“40 КАДАМ МАМЛЕКЕТТИ КРИЗИСТЕН ЧЫГАРА ТУРГАН ПРОГРАММА ЭМЕС, АЛ -ЖОМОК”

– Ачыгын айтыш керек, Сапар Исаков айтып чыккан “40 кадам” программасы мамлекетти кризистен чыгара турган программа эмес, жомок. Эл арасындагы «жаштар келсе өлкөдө өзгөрүүлөр болот» – деген ишенимди да жокко чыгарышат эми. Мамлекетибиздин атын Кыргыз Республикасы дебей эле КСДП деп атап алсак болчудай болуп калды окшойт. Эл өкүлдөрү ушунчалык пастыкка барат деп ойлогон эмесмин. Алар Атамбаевдин 119 коюндай эле таасир калтырып калды.

Эркингул Иманкожоева, экс-депутат:

“ӨКМӨТТӨ БАШ ООРУУ КӨП”

– Мен ойлойм, Сапар Исаков сунуштаган “Жаңы доор – кырк кадам” программасы реалдуу эмес. Ал элди алагды кылып, “иштеп жатабыз” деген түр көрсөтүп туруш үчүн айтылган жомок. Анткени программаны ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө финансалык колдоо керек. Ал колдоо табылган жок! Бюджетте акча жок. 2018-жылы 160 миллион доллар тышкы карызды төлөгөнү турабыз. Анын программасын ишке ашыруу эмес, өкмөттө “карызды кайдан табабыз” деген баш оору турат. Сапар Исаков болсо башкасы кыйрап калгансып, “кредит алам” дейт. Чынында кредит алуу абалды женилдетпейт!

Кабай Карабеков, экс-депутат:

“ЖАКШЫ ЮМОРДОЙ КАБЫЛ АЛЫП КОЙСОК БОЛОТ”

-Биз көп программаларды уктук, аны ишке ашырабыз дегендерди 25 жылдан бери көп көрдүк. Анткени, ар бир өкмөт жаңы программа жазат. Бирок, бирөө дагы ишке ашкан жок. Кыскасы, өкмөт өз программасын ишке ашырам деп ишти баштаганы менен жыйынтыгында башка жазат. Негизи бул программа тууралуу кеп кылуудан мурун аны көп өкмөттүн программасындай, жакшы юмордой кабыл алып койсок болот.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: