Menu

Элчилик Орусиянын Украинаны эл аралык аренада дискредитациялоо максатында Европарламенттин айрым өкүлдөрүн пайдалануу аракеттерине байланыштуу жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Орус тараптын «ДНР/ЛНР» дегендерди колдоо жана Украинаны эл аралык аренада дискредитациялоо максатында Европарламенттин айрым өкүлдөрүн пайдалануу аракеттерине байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

2017 жылдын 12 июлунда Европарламенттин имаратында Европарламенттин айрым депутаттарынын, «Бириккен европалык солдор/Түндүктүн жашыл солдору» саясий партиялардын өкүлдөрүнүн,  «Жашылдар-Европалык эркин альянсы» – М.Вегас (Португалия), Э.Форенза (Италия), Х.Кузо (Испания), Т.Жданок (Латвия) жана «ДНР/ЛНР» дегендердин чакырылган «өкүлдөрүнүн» катышуусу менен пресс-конференция өткөрүлгөн.

Украина бул иш чаранын өткөрүүсүн  Россия Федерациясынын  Европадагы ага лоялдуу болгон саясий күчтөрдү «ДНР/ЛНР» террористтик уюмдарды колдоо үчүн пайдалануусунун кезектеги аракеттери катары карайт.

2017 жылдын апрелинде Ростов-на-Дону шаарында (РФ) «Антифашисттер эл аралык бирлиги»  жарандык уюмунун көмөгү менен   «Эл аралык терроризм фашисттик идеологиянын натыйжасы катары» аттуу  эл аралык форум өткөрүлгөн. Ал форумдун катышуучулары – Европанын, Прибалтиканын эксперттик чөйрөлөрүнүн айрым өкүлдөрү жана «ДНР/ЛНР» террористтик уюмдардын өкүлдөрү.

Ошентип, «ДНР/ЛНР» террористтик уюмдарды РФ үчүн ыңгайлуу форматта Украинага кайра интеграциялоо, бул түзүлүштөрдүн  легитимдүүлүгүн жарым-жартылай таануу, Украинанын чыгышындагы абалды тоңдуруу,  Украинанын өнөктөш-мамлекеттер менен мамилелерин начарлатуу,  Украинаны Кремльдин таасиринин чөйрөсүнө кайтарып келүү максатында Орусиянын ар кандай көп тараптуу аянттарда жана башка форматтарда ушундай сценарийлерди глобалдык өлчөөдө ишке ашыруу  аракеттери талашсыз болуп калды.

Буга байланыштуу Украина эл аралык коомчулукту жана өзүнүн өнөктөштөрүн «ДНР/ЛНР» террористтик уюмдардын иш-аракеттерин колдоого жана аларды легитимдештирүүгө багытталган «Антифашисттик форумдарга» же мындай иш-чаралардын башка форматтарына катышуудан баш тартуусун чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: