Menu

Жаңы партиянын аталышы “Кайра Жаралуу” болду

Бөлүшүү:

Жаңы партиянын аталышы “Кайра Жаралуу” болду. Бул туурасында Бакыт Төрөбаев Фейсбук социалдык тармагына жарыялады.

“Жаңыдан бириккен партиянын аталышы “Кайра Жаралуу” болот.

Урматтуу достор, убада кылынгандай эле “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялардын жаңы аталышы боюнча сынактын жыйынтыгын бүгүн жарыяладык.

Сынак учурунда биздин дарегибизге 300дөн ашык сунуш келип түштү. Алардын ичинен20 эмгек тандалып алынып, жаңы партиянын негиздөөчүлөрү болгон Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, КамчыбекТашиев жана мен жыйынтыктоочу тандообузду жүргүздүк.

Биз Алмаз Азимбеков аттуу жаран сунуштаган «Кайра Жаралуу» (Возрождение) деген аталышка жана эмблемасына токтолдук. Бул атка токтолгонубуздун себебин айта кетейин. Биздин биригүүбүздүн максаттарынын бири, өлкөбүздүн идеологиясын, элибиздин салттуу баалуулуктарын, маданиятын жана адамдардын аң-сезимин көтөрүү болуп эсептелет. Биринчиден мен биздин сынагыбыздын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем жана жеңүүчүбүз Алмаз Азимбековду “Айфон7” белегин утуп алышы менен куттуктайм. Менин жардамчыларым жеңүүчү менен байланышканда, ал 23 жашта жана Москвада жашагандыгы белгилүү болду. Биз аны менен кечирээк байланышып, видеобайланышты сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз”, – деп жазды Бакыт Төрөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: