№4 төрөт үйүндө эне өлүмү катталганын саламаттык сактоо министрлиги да ырастады. Маркум Мээрим Дайырбекованын жакыңдары бул үчүн дарыгерлерди айыптап жатышат. Сиңдиси Сезим Дайырбекова эжеси 27-августта «тез жардам» менен аталган төрөт үйүнө барганын, эгиз уул төрөгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, маркум төрөттөн кийин каралбай калып, аны операция жасашкан. Тилекке каршы, келин операциядан чыкпай калган… «Дарыгерлердин катасынан өтүп кетти. «Тез жардам» менен барып, мөөнөтүнөн мурда төрөдү. Төрөт жакшы өттү, бирок көз жаргандан кийин дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, бир сутка түшпөй койгон. Төрөттөн кийин ичи катуу ооруп баштаганын дарыгерге айтса, нөөмөттөгү дарыгерлер эч нерсе кылбай коюшкан. «Тез жардам» менен барып, мөөнөтүнөн эрте төрөгөндөн кийин жакшылап карашы керек болчу. Ымыркайлар төрөт үйүндө вакуумда жатышат, абалдары дурус» деп билдиришти маркумдун туугандары.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ