Menu

Бабановду каралай берип, таасирин ого бетер күчөтүп албайлы?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоого карай талапкерлер арасында катуу таймаш орун алды. Бири-бирине «баткак чачыратуу» өзгөчө жандоочтор, жактоочулар тарабынан болору талашсыз. Учурда төбөсү көрүнгөн ар бир талапкерге кара ниеттик менен кара пиарлардын күчөгөнү жакшылык алып келмек беле?

Салыштырмалуу түрдө караганыбызда, өзгөчө Өмүрбек Бабановдун өздүгүнө, ар-намысына шек келтирген ушактар, каралоолор интернет айдыңында курчуп баратат. Албетте, мунун өзү көралбастык, эптеп эле буттан чалуу аракеттери да. Ооба, сын-пикир реалдуу маанайда болуш керек. Маселен, Бабановдун шайлоого карай программасын, ишмердигин, сүйлөгөн сөзүн сындаса кеп жок. Тилекке каршы, анын үй-бүлөсүнө чейин шек келтирүү, маркум энесине асылуу, о.э. өзүн уят сөздөр менен соцтармактарда мазактоо өкүнүчтүү. Баягы, күлүк аргымактын жолун жабыла тоскондой образ жаралууда. Кызык, каралоо менен рейтингин түшүрүү машакаты болуп атса, бул көрүнүш тескери таасирин берип, Өмүрбек Токтогуловичтин таасирин ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн.

Баса, аз күн мурда Бабанов Астанадагы улакчылардын духун көтөрүү үчүн жолугушууга барып, дагы балээге калды. Интернет «сүйүүчүлөрү» кылдан кыйкым издешип, биздин көкбөрүчүлөрдүн экинчи орун алып калышын, аларды казактарга утулуп бериши үчүн Бабанов шарт түзгөндөй жазышты. Бирок, чындык башка болуп чыкты го…

Кыскасы, каарманыбызды каралай берип, бар кылабыз, же жок кылабыз. Ушу тапта Өмүрбек мырза деле жөн жатпаса керек. Алдыдагы майрамдар өтсө, чоң бир ачылыштар менен кадам таштай турганы каңкууланууда. Күтө туралы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: