Menu

Алмаз Атамбаев: “Бүгүн Атамбаев президенттик кылган жылдары өлкө үчүн эч нерсе жасалган жок деп, акты кара, караны ак деп жатышат…”

Бөлүшүү:

«Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы өлкөбүз  эң коркунучтуу сценарийге – катастрофанын кырына  келип такалган. Көп адамдар, саясатчылардан тартып мамлекет башчыларына чейин  биздин мамлекетти чачырап, жок болуп кетет дешкен. 2010-жылдагы  июнь трагедиясынан кийин  өлкөнүн түштүгүндө коомдогу чүнчүү сезими жана депрессия андан дагы тереңдеген”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.

“Чындыгында кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтирип, элдин өлкөгө, өз элине, өз келечегине  болгон ишенимин  кайрадан калыбына келтирүү керек эле!  Болгону  мындан жети жыл мурда жагдай дал ушундай эле… Болгону 7 жыл мурун! Бүгүн Атамбаев президенттик кылган жылдары өлкө үчүн эч нерсе жасалган жок дегендерге, чындыкты танууга аракеттенгендерге, акты кара деп, караны ак дегендерге, тарыхтын агымын кайра артка бурууга умтулгандардын эсине салып коёюн. Ачык айтайын. Акыркы жылдары өлкөбүздө  буга чейин жыйырма жылдап чечилбей келген көйгөйлөр чечилип жатат. Көзү менен жүрөгү барлар мунун баарын көрүп жатат. Алтургай жөн эле жүрөгү барлар мунун баарын сезип атат. Мисалы биз “Жерүй” кен байлыгын 100 млн долларга саттык, буга кошумча  инвестор  мурдагы лицензия ээсине 70 миллионго жакын доллар төлөп берди. Бир кезде  бул кен байлыкты иштетүүгө лицензия 300 сомго сатылган. Эки ири подстанцияны жана “Датка-Кемин” ЛЭП куруу менен өзүбүздүн электроэнергетикалык алкагыбызды түзгөнүбүз, Бишкектеги ЖЭБ түп тамырынан бери кайра куруу Кыргызстанды  электр энергиясы менен камсыз кылууда дээрлик кебелбес кылып койду десек болот. Россиялык “Газпром” менен өнөктөштүк  жаратылыш газы жана ГСМ  жеткирүүдөгү көз карандылыктан  толук арылтты. Бир нече  жыл мурда  ушул “Ала-Тоо” аянтыбыз дагы  жыртылып, талкаланып калган эле.  Азыр болсо борбордук аянт гана эмес негизги көчөлөр, эл аралык трассалар,  областтардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат. Быйыл биз  фермерлерге кредиттерди 6-10% менен бере баштадык. 2009-жылы Өкмөт  дал ушундай эле кредиттерди 22 % менен берчү. Эгемендик жылдарынын аралыгында биринчи жолу мугалимдердин орточо айлык акысы  өлкөдөгү орточо айлык менен теңелди. Беш жылдын аралыгында  кедейчиликтин чеги  4,5 эсеге кыскарды.  Тышкы саясатта дагы чоң ийгиликтерге жетише алдык. Бүгүн биз чет элдик өнөктөштөр менен тең ата сүйлөшүп  жатабыз. Чек араларыбыз барган сайын  достуктун жана кызматташуунун  дарбазасына айланууда. Эгерде  мен президенттикке келген алгачкы жылдары ай сайын  чек аранын улам бир жеринде кагылыштар, ал тургай атышуулар катталчу. Азыр кырдаал түп тамырынан бери өзгөрүп жатканын көрүп турабыз. Кыргызстан  жашаганга  жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу өлкөгө айланып баратат. Өлкөнү ишкерлер жана инвесторлор үчүн бейишке айландыруу милдети коюлууда. Муну   таптакыр акылсыз же эсинен ажыраган адам гана көрбөй калышы мүмкүн. Албетте, муну эсинен жана абийиринен ажыраган айрым саясатчы сөрөйлөр дагы “көрбөй”  калышы ыктымал”, – деди Атамбаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: