“Азыр КСДПнын президенттикке талапкерине каршы качкын президенттер дагы, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү дагы, айрым бейөкмөт уюмдарынын саясатчы сөрөйлөрү дагы, коррупционерлер дагы, олигархтар дагы, алардын телелери жана гезиттери дагы биригип жатышат”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында, эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.
“Акыркы 6 жылда өлкөдө жасалган жана жасалып жаткан бардык жакшы иштер жокко чыгарылып жатат. Атамбаев эч нерсе жасаган жок, биз келсек реформа жасайбыз, президенттик бийликти кайтарып келебиз, жана башкаларды ачык айтып жатышат. Муну абдан ыплас жана кара өзгөй адамдар айтып жатат. Түрдүү жаман ыкмалар пайдаланылып, эч бир тыңгылыктуу жаманчылык табылбаган соң, Президенттикке талапкердин туугандары жөнүндө жомоктор жазыла баштады”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ