Жаңы шайланган премьер-министр Сапар Исаковдун 31-августта Ошто сүйлөгөн сөзүнөн бир шиңгил:
“Кээ бир саясатчылар Оштуктарды, Оштук туугандарды, менин бир туугандарымды абдан бир мындай туура эмес сөздөрдү айтып… “Көпүрөлөрдү курабыз”, тигинтебиз-минтебиз деп, бюджетте бир тыйын акча жок, ушундай бир популизм болуп кеткен да… анан Алмаз Шаршенович Атамбаев “эмне кылабыз?” деп… ошо тиешелүү бир акчаны таап берген да. Россияга барып, 15 миллион доллар таап берди эле ошого… менин эсимде бар, Москвага барып, Владимир Путин менен сүйлөшүп, Алмаз Шаршенович “Мына бизге, Ош шаарына ушундай көпүрөлөр керек болуп жатат, жардам бериңиз” деп суранып, дароо жардамды алып, Ошко өткөрүп бердик эле. Мына, Ош шаарынын жетекчилигине чоң ракмат!”
https://www.youtube.com/watch?v=JFo6vGWQzog&feature=youtu.be
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Марат Акимбековдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ