Эптеп эле атын чыгарып, төбөсүн элге таанытуу бизде айыккыс оору болду. Мындай кылуунун миң сан жолдорун да өздөштүрүп бүттүк. Эл ичинде популист адамдар быкпырдай кайнап, көбөйгөнүн ушундан билиңиз, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин саны 59га жетип токтоду. Арийне, аламан жарышка саналуулары гана чыгаары турган иш. Бирок, ошол талапкерлердин баарын тил сынагынан өткөрүп сынак алган адамдарды бир ай бою кыйнадык. Адамдын эмгегин баалоо, түйшүктү жонуң менен сезе билүү деген жоктугун далилдедик десек да болот. Натыйжада анын баары эле талапкер катары чыга албайт. Талапкерлерди биринчи 30 миң кол топтоп кел деп, андан кийин 1 миллион сом күрөөнү төктүрүп, анан бул талаптарды аткаргандарды тил сынагына киргизсек жарашмак эле го…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ