Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовду Максим Бакиевдин көздөй кишиси, анын акчаларын адалдоого абдан аракет кылган, өлкөгө оңбогондой зыян келтирген деп эле айтып да, жазып да келе жатышат. Ал ортодо Исхак мырзага кылмыш иши козголуп, мурдакы чакырылыштагы коллегалары аны жоопкерчилик чеңгээлинен сактап калышкан эле. Андан бери канча суу акты да, канча күн батты. Бирок, Пирматовдун али да кылы кыйшая элек. Эгер чындап аны жоопкерчиликке тартабыз дешсе эмне тоскоолдук болууда? Же Пирматов сүттөн ак экенин далилдей алабы? Дегеле, кылмышы айтылып, анысы көшөгө артына катылып аткан Пирматовдун пири ким, ыя? Чын эле Максимби? Же анын сапырылган акчасыбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ