Menu

Өзбекстан Кыргызстан менен чек аранын 80% макулдашылганын билдирди

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайыздан ашыгын бекитүү боюнча өткөөл келишимдин долбоору даярдалып, макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтү билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар чек ара тууралуу келишим боюнча макулдашуудан тышкары мамлекеттер аралык документке дагы тиешелүү сунуштарды даярдашкан.

21-августтан 31-августка чейин алгач Бишкекте, андан кийин Ташкентте чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өткөн.

28-августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чек аранын 84% макулдашылганын билдирген. Анын айтымында, 26 жылдан бери «көйгөйлүү» болуп келген чек ара маселеси учурда чечилүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 320 чакырымы тактала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: