Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Валюта саясатын либералдаштыруу боюнча алгачкы чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 5-сентябрдан тарта өлкө жарандары акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды сатуу жана аларды башка өлкөлөрдө пайдалануу үчүн атайын конверсиялык карталарга алуу укугуна ээ болушат.
Ошондой эле мындан ары Өзбекстанда жеке жактар коммерциялык банктардын бөлүмдөрүндө, акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды тоскоолдуксуз сатып алып жана сата алышат.
Жарлыкта улуттук валютанын курсун белгилөөдө базар механизмдери гана пайдаланыла тургандыгы белгиленген.
Бул жарлыкка кол коюлганга чейин Өзбекстан бир эле маалда үч валюта курсу (расмий, биржалык жана чыныгы) бар дүйнөдөгү аз эмес өлкөлөрдүн катарында болуп келген.
Валюта саясатын либералдаштыруу — өткөн жылы өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримов каза болгондон кийинки Өзбекстанда күтүлгөн өзгөрүүлөрдүн бири болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ