Menu

Эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жаранын кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын 50 жаштагы Чен Ксиянфу (CHENXIANFU) аттуу жаранын кармашкан. Өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн жаран 2013-жылы биздин өлкөгө келип, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берүүчү документке ээ болуп, жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн.

2017-жылдын 30-августунда болжол менен саат 09:30 чамасында кармалган жаран Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, Бишкек-Урумчи багыты боюнча учуп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: