Menu

Кытайда БРИКС саммити өтүүдө

Бөлүшүү:

Кытай президенти Си Цзиньпин БРИКС өлкөлөрүн дүйнөдөгү эркин соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарга каршы күрөшүүгө чакырды. Саммит өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сямэнь шаарында өтүүдө.

Байкоочулар Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Орусия президенти Владимир Путиндин кулуардагы иш-чараларына өзгөчө көңүл бурушууда. Мамлекеттик Xinhua агенттиги Кытай менен Орусия лидерлери Түндүк Кореядагы өзөктүк сыноолорго байланыштуу абалдын курчушун талкуулашканын маалымдады.

Си Цзиньпин менен Владимир Путин Пхеньяндын аракеттерин кескин сынга алып, Корей жарым аралын өзөктүк куралдандыруудан арылтууну жакташып, ракеталык сыноолорго реакция жасоо үчүн тыгыз байланышта болуп турууга макулдашты.

Айрым байкоочулар Пхеньян БРИКС саммитинин алдында ракеталык сыноолорду өткөрүү менен кытай лидеринин кыжырына тийгенин белгилешүүдө. Кытай Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү жана экономикалык демөөрчүсү болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: