Menu

Сапар Исаков “Кыргызтелеком” АК директорлор кеңешинин жана башкармасынын курамын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков менен жумушчу жолугушуу учурунда берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдайт.

“Кыргызтелекомдун” чарбалык-каржы иши ушул кезге чейин тунук эмес. Акыркы убакта паракорчулук факторлорун жоюуга жетише алган жок. Ушуга байланыштуу, тез арада директорлор кеңешинин жана башкармасынын курамын кайра карап чыгып, ошол эле учурда азыркы  “Кыргызтелекомдун” жетекчилигинин ишинде кетирилген каталары үчүн, анын ичинде начар жыйынтыктагы кымбат эмес жана жогорку ылдамдыктагы Интернет менен республиканын калкын камсыз кылуу жоопкерчилигин кайра карап чыгуусу зарылдыгын Премьер-министр Сапар Исаков баса белгилеп кетти.

Премьер-министр компаниянын жетекчилигине жогорку кесипкөй жана өз ишин мыкты билген, ошондой эле таза аброю менен адистерди тартуусун буйрук берди.

“Өлкөнүн телекоммуникация чөйрөсүн жакшыртпасак,  “Таза Коом” долбоорун натыйжалуу жана ыкчам ишке ашыра албайбыз “, – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: