Menu

КР БШК экс-спикер Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда экс-спикер Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты.

КР БШК мүчөсү Алмазбек Асаналиевдин билдирүүсүндө талапкердикке умтулган Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу боюнча макамы быйыл 8-ноябрда жоюлат. Ошондуктан мыйзамга ылайык Келдибеков президенттикке талапкер катары 15-октябрда шайлоого катыша албайт.

Ахматбек Келдибеков БШКнын бул жүйөсүнө каяша сөз айтып “КР Конституциясы боюнча президенттикке 3 эле талап коюлат: биринчиси, 35 жаштан жогору, 70 жаштан ашпаган жаран болуш керек, экинчиси, мамлекеттик тилди билиши керек, үчүнчүсү, Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашап келаткан жаран болушу зарыл. Мен конституциянын 3 талабына тең жооп берем” деп билдирди.

Бирок добушка сала келгенде БШКнын 12 мүчөсүнүн 8 мүчөсү Ахматбек Келдибековдун президенттикке талапкердигин каттоого каршы добуш беришти. Ал эми 4 мүчөсү (Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов жана Кайрат Осмоналиевдер) Келдибековду колдошту.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: