Menu

КР БШК абактагы депутат Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда абактагы депутат Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты.

КР БШК мүчөсү Алмазбек Асаналиевдин билдирүүсүндө талапкердикке умтулган Өмүрбек Текебаев топтогон колдоочулардын 38 мин адамдан турган тизмеси каржылык мыйзам бузуулар менен жыйналгандыктан жараксыз деп табылган. БШКнын бул чечимин КР Жогорку соту да 30-августта туура деп тапкан. Андан сырткары Өмүрбек Текебаев 31-августка чейин төлөөгө милдеттүү болгон шайлоо күрөөсүн төккөнү боюнча документин тапшырган эмес. Ошондуктан мыйзамга ылайык Текебаев президенттикке талапкер катары 15-октябрда шайлоого катыша албайт.

Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү “шайлоо күрөөсүн төгүү үчүн банктан эсеп ачуу керек эле, ал эми банктан эсеп ачуу үчүн Текебаевдин паспорту зарыл болду. Сот Текебаевдин паспортун кайрып бербей койгондуктан банктан эсеп ача албадык” деп жооп беришти.

Добушка сала келгенде БШКнын 9 мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкердигин каттоого каршы добуш беришти. Ал эми 3 мүчөсү (Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов) Өмүрбек Текебаевди колдошту.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: