Menu

Аракка мас болуп өзүнүн бөтөлкөлөшүн өлтүрүп койгон жаран кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-сентябрь күнү болжол менен саат 22:40 чамаларында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Южный-Магистраль көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан карьеринде кишинин сөөгүнүн бөлүктөрү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Бишкек шаарынын ИИББнин, Октябрь РИИБнин ыкчам- тергөө топтору барышкан.

Окуя болгон жерди кароо учурунда Южный-Магистраль көчөсүндө жайгашкан «Айша» аттуу мечитинин маңдайындагы курулуш материалдардын таштандысынын арасында кишинин сөөгүнүн бөлүктөрү табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы окуя боюнча Октябрь РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 57 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө учурунда кармалган жаран кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, төмөнкү көрсөтмөнү берген:

2017-жылдын 17-август күнү ал “Т” аттуу жаран менен чогуу спирттик ичимдигин ичип олтурушканын жана “Т” аттуу жаран “телефонумду уурдап алдың” деп күнөөлөп, ошол себептен алар өз ара уруша кетишип, ал “Т” аттуу жаранды жыгач таяк менен 2-3 жолу чаап жиберген. Жыйынтыгында “Т” аттуу жаран жерден турбай калганын билген соң, таштап кете берген. Ал эртеси окуя болгон жерге келсе “Т” аттуу жарандын денеси өртөнүп кеткенин көрүп, анын үстүн топурак менен жаап койгон.

Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: